Кулжа 18, 2025
Убакыт: 04:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

"Биздин эл" партиясынын мүчөсү Анжеликага эскертүү берилди

26.03.2021 09:26
643
"Биздин эл" партиясынын мүчөсү Анжеликага эскертүү берилди

Бишкек айматык шайлоо комиссиясы 25-марттагы отурумунда "Биздин эл" партиясынын мүчөсү Анжеликага жазуу түрүндө эскертүү берүү чечимин кабыл  алды. 


БШКнын маалыматы боюнча, 19-мартта Бишкек АШКга К.Маратовдон “Биздин эл” партиясынан талапкер А.Кайратова тарабынан шайлоо кампаниясынын тартибин жана шарттарын бузгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.


Үгүт иштери "Де-факто" гезити тарабынан жүргүзүлгөн, бул шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин талаптарын бузуу болуп саналат.

Анжелика "Де-факто" гезитине 1-мартта маек берген. Бул маек 12-мартта жарык көргөн. Ушуга карабастан ырчы талапкерге шайоо өнөктүгү башталгандан мурда маек кургандыгы үчүн эскертүү берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн