Кулжа 17, 2025
Убакыт: 20:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Минкаб төрагасы Республикалык күйүк борборуна барды

17.06.2025 13:46
32
Минкаб төрагасы Республикалык күйүк борборуна барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барды. 


Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашты. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми медициналык жабдуулар жана медициналык багыттагы буюмдар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт. 


Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Адылбек Касымалиевге борбордун курамында 36 керебет, анын ичинде 6 керебет интенсивдүү терапия бөлмөлөрүндө бар экендигин маалымдады. Мекеме республиканын бардык аймагынан келген эң оор жана өтө оор бейтаптарга жардам көрсөтүп, аларды дарылоону жана андан кийинки реабилитацияны камсыз кылат.


«Жыл сайын борбордо орто эсеп менен 1700гө жакын бейтап дарыланат. Медициналык жардам күнү-түнү, анын ичинде шашылыш түрдө көрсөтүлөт», — деп белгиледи министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн