Кулжа 17, 2025
Убакыт: 22:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Бишкекте 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

17.06.2025 15:34
30
Бишкекте 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү


Бишкекте келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында атайын кызмат Бишкекте "Ак-Сай" мейманканасын менчиктештирүү учурунда мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу фактыларын аныктады.


КР Президентинин буйругу менен 1996-жылы мейманкана республикалык "Дыйкан-Ордо" эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берген.


Бирок, 2005-жылы республикалык "Дыйкан-Ордо" ассоциациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы И.Р.А. өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген тартипти бузуу менен "Ак-Сай" мейманканасын С.Э.А. аттуу жаранга 1 млн сомго саткан.


Бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктоодо.


Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион 554 миң сомду түзөт.


УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү жер тилкесин менчиктештирүүнүн жол-жобосундагы мыйзам бузууларды моюнга алып, ордун толтуруу катары өз ыктыяры менен 9 батир жана аталган курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды өткөрүп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн