Кулжа 14, 2025
Убакыт: 09:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Улуулукка бир гана жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт

13.06.2025 12:10
42
Улуулукка бир гана жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт


Миң чакырымдык жол дагы бир кадамдан башталат.

(Лао Цзы)


Ийгиликке жетүүнүн эң жакшы жолу – жасап жаткан ишиңди сүйүү.

(Джеки Чан)


Жалаң бакыт издеген кишинин жолу болбойт.

(Бенедикт Камбербэтч)


Сенин өз жолуң бар. Менин өз жолум бар. Ал эми жападан-жалгыз туура жол деген болбойт.

(Фридрих Ницше)


Билимге үч жол алып барат: ойлонуу жолу – эң жакшы жол, тууроо жолу – эң жеңил жол, тажрыйба жолу – эң кыйын, ачуу жол.

(Конфуций)


Улуулукка бир гана жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт.

(Альберт Эйнштейн)


Дайыма эң оор жолду тандагыла – ал жакта атандаштар аз болот.

(Шарль де Голль)


Адамдар “сен туура эмес жолдо баратасың” дешет. Менин жолум ушу болсо эмне кылайын?

(Анджелина Джоли)


Сокур коңуз шардын үстүндө жөрмөлөп баратканда ал жол ийри экенин аңдабайт.

(Альберт Эйнштейн)


Эгер адам өзүн тапкысы келсе, бүт ааламды аралап өтүшү керек.

(Виктор Франкл)


Моряк үчүн оор жол да, жеңил жол да жок. Даңктуу гана жол бар.

(Павел Степанович Нахимов)


Гүл жайнаган жол эч качан атак-даңкка алып барбайт.

(Жан де Лафонтен) 


Гармонияга алып барчу жол болбойт, гармониянын өзү биздин жол.

(Будда Шакьямуни)


Согуш – бул жалган жол

(Сунь Цзы )


Жашоодо эки гана жол бар – жакшылыктын жолу, анан жамандыктын жолу. Ар бир адам ошолордун бирин тандайт.

(Лука (Войно-Ясенецкий)


Байлыкка алып барчу эң кыска жол – байлыкты жек көрүү.

(Кенже Сенека) 


Ар бир адам өзүн таанышы үчүн өз чечимин кабыл алып, өз жолун басып өтүүгө тийиш.

(Билл Каулитц) 


Акылдуу болуунун жападан-жалгыз жолу – өзүңө караганда күчтүүрөк атаандаш менен ойноо.

(Эмануэль Ласкер)


Артка кетчү жолду жок кылып салчу чечимдер болот. Андай чечимдерди сөзсүз кабыл алыш керек.

(Франц Кафка)


Ийгиликтин жолу – бул дайыма билим издөө жолу.

(Наполеон Хилл)


Бакытка алып барчу жол болбойт: жолдун өзү – бул бакыт.

(Уэйн Дайер)


Максатка жеткен кезде жолдун өзү максат болгонун байкайсың.

(Поль Валери)


Бир кылмыш башка кылмышка жол ачат.

(Кенже Сенека)


Адамга түптүз болуп көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы өлүм менен бүтөт.

(Сулайман падыша)


Жолуңду басып өтсөң, сыйлыкка жеткениң ошол.

(Стив Джобс)


Сүйүү карышкырлар аң уулоодон корккон жерден да жол табат.

(Джордж Гордон Байрон)


Мейли ал дыйкан болсун, мейли падыша болсун, бул дүйнөгө келген адамдын жолу акыры өлүм менен бүтөт.

(Абулькасим Фирдоуси)


Жакшы жолду билип турсак да биз жаман жолго түшүп алабыз.

(Еврипид)


Алсыз кишилер гана коопсуз жолду тандашат.

(Герман Гессе)


Мен тынч жашасам деле болот, бирок эртең эчтеке айтып бере албай калам да.

(Тибор Фишер)


Даңктуу жол жеңил болбойт.

(Наталья Сухинина)


Жолдун эң кыйын бөлүгү – бул алгачкы кадам.

(Туллио Аволедо)


Бир учурда эки жол менен жүрө албайсың. Бир жолго түшсөң, экинчи жолуңду жоготосуң.

(Ками Гарсия)


Бардык жолдор өлүмдүн кейиштүү чек арасына алып барат.

(Уинстон Грэхем)


Жашоо дегениң адилетсиздикке жык толгон узун жол турбайбы...

(Адель Эшворт)


Жол бүттү деген жериң кийинки, андан да узак, андан да кыйын жолдун башталышы болуп чыгат.

(Анатолий Букреев)


Адам оюнда, анан жолдо сыналат.

(Италия накылы)


Жолдо жолдош, жашоодо санаалаш керек.

(Харуки Мураками)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн