Баш оона 02, 2025
Убакыт: 06:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Индия айыл чарба кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар

01.08.2025 13:09
37
Кыргызстан менен Индия айыл чарба кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар


Кыргызстан менен Индия айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кытайдын Куньмин шаарында өткөн ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин X жыйынынын алкагында Индиянын Айыл чарба жана фермерлердин бакубатчылыгы министрлигинин биргелешкен катчысы Санджай Кумар Агарвал менен жолуккан.


Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчө санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча сунуштарды алмашуу маселелери талкууланды. Бул багыттагы аракеттер коопсуз жана туруктуу сооданы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.


Кыргызстан Индияга буурчак, бал, күрүч жана эт азыктарын экспорттоого, ал эми Индиядан банан жана цитрус жемиштерин импорттоого кызыкдар экенин билдирди.


Мындан тышкары, жолугушууда КР Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Индиянын Айыл чарба микроорганизмдерин өндүрүүчүлөр жана фермерлер ассоциациясынын (AMMA) ортосунда түзүлгөн органикалык айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагындагы иштер да белгиленди.


Жолугушуу Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүү жана ШКУнун алкагындагы айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташууну чыңдоонун маанилүү кадамы болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн