Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 23:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Венгрияга барат

12.02.2023 12:43
295
Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Венгрияга барат

Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Будапештке (Венгрия) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


«Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын Президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.


Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана Премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.


Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт», - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн