Соккуга чыдай билиш керек. Тумшукка уруп жатканда эле эмес, көңүлүңө түкүрүп жатканда да чыдоо зарыл.
(Алексей Гравицкий)
Чабалдык менен эч кимди таңкалтыра албайсың. Ал эми чыдамкайлыкты баары урматтайт.
(Алесандрина Бобракова)
Чыдайм деп чымыркансаң, оору анчалык сезилбейт.
(Александр Зиновьев)
Алсыздыкка алдырбаш керек. Аңга секирип кетиш оңой, бирок андан чыгыш кыйын болот.
(Сьюзен Коллинз)
О, адамдар! Чыдамдуулук Жараткандын силерге болгон мээримин ойготуп, уят болуп калуудан сактайт.
(Абу Убайда ибн аль-Джаррах)
Башка иш түшкөндө чыдамкай болуу – чыныгы адамдын белгиси.
(Людвиг ван Бетховен)
Эрдик менен чыдамкайлык душмандын куралынан коргонуу үчүн эле эмес, турмуштун башка соккуларына туруштук бериш үчүн да керек.
(Плутарх)
Көп түргө бөлүнгөнүнө карабастан, бир гана философия бар. Анын аты чыдамдуулук. Чыдамдуулук – жеңүү дегенди туюндурат.
(Эдуард Бульвер-Литтон)
Алар бизди көмүп салдык деп ойлошкон, биз үрөн экенибизди алар кайдан билишсин?
(Мексика накылы)
Адамды өлтүрсө болот, бирок багынбаса аны жеңүү мүмкүн эмес.
(Эрнест Хемингуэй)
Кыйынчылык бизге жазалоо үчүн эмес, чыдамкайлыгыбызды сыноо үчүн берилет.
(Константин Балухта)
Адам кыйынчылыктарга солк этпей чыдоого тийиш. Ансыз жашоонун маңызы болбойт. Мага ишенип коюңуз, бизди кыйынчылыктардан, сыноолордон коргогон адамдардын азабын биз көбүрөөк тартабыз.
(Агата Кристи)
Бутубуз – биздин чыдамдуулугубуздун таянычы.
(Бальтасар Грасиан)
Эгер жандүйнөнүн оорусуна каршы жакшы эмделип, иммунитет пайда болуп калса, башкасынан коркпосоң деле болот.
(Галина Суховерх)
Бекем болуш үчүн ийкемдүүккө ыкта.
(Ирина Ортнер)
Жыгылган коркунучтуу деле эмес, үмүтүңдү жоготуп койгон коркунучтуу.
(Наталья Рябцева)
Эгер биз ичкенди таштасак эле бутубузга туруп кетебиз.
(Аркадий Давидович)
Чыдамкайлык – руханий эрдик менен физикалык чабалдыктан өсүп чыкчу касиет.
(Томас Харди)
Өзүн өзү кармай билүү адам менен айбанды айырмалып турган негизги өзгөчөлүк.
(Герберт Спансер)
Бир тамчы эрдик бир деңиз ийгиликтен жогору.
(Джеймс Гарфильд)
Согуш учурунда түркөй эрдик билимдүү коркоктукка караганда жакшыраак.
(Евгений Аренс)
Жеңиштин улуулугу кыйынчылыктын даражасы менен өлчөнөт.
(Мишель де Монтень)
Жумшактыкты жеңүү мүмкүн эмес.
(Брюс Ли)
Эрдик кан майданда эле эмес, жөнөкөй турмушта да керек.
(Бенджамин Франклин)
Эрдикти өлүм эмес, өмүр сынайт.
(Витторио Альфиери)
Эрдик адатта жумшактык менен катар жүрөт. Баатыр гана айкөлдүккө жөндөмдүү.
(Николай Шелгунов)
Менин кемемде көп желектер бар, бирок алардын арасында ак желек жок.
(Тед Тернер)
Кыямат башталчу болсо, мен аттарымды токуйм.
(Нелли Русинко)
Сенин чыдамкайлуулугуңду көргөн кишилер өздөрү абдырай түшүшөт.
(Марк Лоуренс)
Мен бир гана нерсеге сыймыктана алам – эч ким менин ыйлаганымды көргөн эмес.
(Джулия Баксбаум)
Жаш кездеги өжөрлүк кийин чыдамкайлуулукка алып келет.
(Абу-ль-Фарадж ибн Гарун)
Баатырдык – бул дененин күчү эмес. Адамдын денеси күчтүү болгону менен жүрөгү чабал болушу мүмкүн. Жүрөгү күчтүү, чыдамкай адам гана чыныгы баатыр болуп эсептелет.
(Ибн Таймия)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн