Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Парижде өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын ден соолугу уюмунун улуттук делегаттарынын 92-башкы сессиясында билдирди.
Анын айтымында, мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында “2025–2029–жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын” долбоору иштелип чыкты. Документ өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын туруктуу өнүктүрүү, өстүрүлүүчү породалардын азыктуулугун жогорулатуу чаралардын комплексин жүргүзүү максатын көздөйт.
“Ырааттуу реформаларды президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде, министрлик ветеринардык контролдоонун заманбап системасын түзүүгө, лабораторияларды модернизациялоого, чек ара ветеринардык өткөрүү пункттарын жабдууга, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоонун алдынкы ыкмаларын киргизүүгө жетишти. Бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту бир топ чыңдоого жана эл аралык рыноктордо коопсуз айыл чарба продукциясынын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди”, - деди ал.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Кыргызстан жаныбарлардын ден соолугу, биологиялык коопсуздук жана азык-түлүктүн сапаты маселелерине өзгөчө маани берерин айтып, бул мамлекеттик саясаттын чордонунда жана артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн