Теке 30, 2025
Убакыт: 00:52
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

УКМК сапатсыз битум алып келингенин аныктады

29.07.2025 13:51
35
УКМК сапатсыз битум алып келингенин аныктады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сапатсыз битум алып келингенин аныктады.


Атайын кызмат тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагына битум материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан контрабанда же жасалма документтерди колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.


Алсак, "Курулушсертификация" республикалык борборунун түштүк филиалынын адистери жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, талапка (22245-90-ГОСТтун) жооп бербеген "Т" ЖЧК жана "А" ААК компаниялары тарабынан сапатсыз продукцияны ташып келүү фактысы тастыкталган.


Продукциялар тиешелүү декларациясы жана каттоосу жок алып келинген, бул сапатсыз жана потенциалдуу кооптуу продукцияны ташып келүү аракеттерин көрсөтүп турат.


Жол курууда жасалма битумду колдонуу бюджетке зыян келтирип, жолдун үстүн жана коопсуздук нормаларын бузууга алып келет.


Мындан улам тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча "Т" ЖЧКсынын жана "А" ААКсынын кызматтык имараттарында тинтүү жүргүзүлүп, аталган компанияларга тиешелүү битум чуңкурлары мөөрлөнүп бекитилди.


Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн