Кулжа 01, 2025
Убакыт: 21:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук футбол турнири башталды

31.05.2025 11:28
70
Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук футбол турнири башталды


Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды.


Турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жарандарды спорт менен машыгууга үндөп, катышуучу командаларга ийгилик каалап өттү.


Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага 16 команда команда катышууда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер».


Турнир борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтүүдө.


Турнирдин оюндары УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз көрсөтүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн