Теке 21, 2025
Убакыт: 21:23
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Садыр Жапаров Монголия президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

21.07.2025 14:16
25
Садыр Жапаров Монголия президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Бишкекте Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.


Мамлекет башчысынын сөзү:


“Урматтуу Хурэлсух мырза,
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Мырзалар жана айымдар,

Бүгүн кыргыз-монгол мамилелери үчүн өзгөчө күн.


Өлкөбүзгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын Президенти, менин кымбаттуу досум — урматтуу Ухнаагийн Хурэлсух мырзаны Кыргыз Республикасында терең урматтоо жана жылуу маанай менен тосуп алып жатабыз.


Мамилелерибиздин тарыхындагы бул маанилүү окуя биздин достук байланыштарды чыӊдоого умтулгандыгыбызды далилдейт.


Кыргызстан менен Монголиянын элдерин тамыры терең тарыхый жана маданий алакалар, жалпы көчмөндөрдүн салттары жана руханий баалуулуктары байланыштырып турат, алар биздин мамилелерибиздин мүнөзүн аныктайт.


Акыркы жылдары биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз сапаттык жактан жаңы динамикага ээ болду, мында өз ара ишеним, урмат-сый жана колдоо биринчи кезекте турат.


Бүгүн урматтуу Монголиянын президенти менен биздин сүйлөшүүлөрүбүз ачык, достук маанайда жана конструктивдүү мүнөздө өткөнүн канааттануу менен белгилегим келет.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелердин кеңири багыттары боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.


Урматтуу Хурэлсух мырза экөөбүз маанилүү документке – Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол койдук.


Ушуну менен, бүгүн бекем достукка негизделген кызматташтыгыбыз ар тараптуу өнөктөштүккө багыт алды.


Жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдердеги үзгүлтүксүз байланыштардын, парламенттер жана ведомстволор аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.


Биз эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү механизми катары парламенттер аралык диалогду ар тараптан өнүктүрүүнү макулдаштык.

Экономикалык байланыштарды жигердендирүү, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, бизнес жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча толук түшүнүшүүгө жетиштик.


Айкын натыйжаларга жетишүү үчүн, бул сапардын алкагында биздин компаниялар кыргыз-монгол бизнес форумун өткөрүшөт.


Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн олуттуу дарамет бар экендиги белгиленип, ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн региондорунун ортосунда түз бизнес байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледик.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык транспорттук байланышты кеңейтүү жана логистикалык өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу, анын ичинде транспорттук коридорлорду пайдалануу маселелери талкууланды.


Мамлекеттерибиздин катышуусу менен атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы эл аралык транспорттук коридорлорду түзүү эң маанилүү милдеттердин бири деп аныкталды.


Тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиленди. Кендерди казып алуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, алдыңкы тажрыйбаны алмашуу маселелери каралды.


Маданий-гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү, илим жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигибиз ырасталды.


Академиялык жана илимий алмашууларды жигердендирүүгө, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга, жогорку окуу жайлардын, маданий жана илимий мекемелердин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Биз жаштар менен чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана элдерибиздин жалпы руханий баалуулуктарын илгерилетүүгө багытталган долбоорлорду колдоону макулдаштык.


Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмаштык.


Глобалдык жана аймактык күн тартиптеги көптөгөн маселелер боюнча позициялардын окшоштугу белгиленип, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык аянтчасында бири-бирибиздин демилгелерибизди колдоого даяр экенибизди өз ара ырастадык.


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү катары Монголиянын ЕАЭБ менен экономикалык интеграциясын колдоого дайым даяр экендигин белгиледик.


Ушул контекстте биз үстүбүздөгү жылдын июнь айында кол коюлган Монголия менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы соода келишимди экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан маанилүү инструмент катары баалай турганыбызды белгилегим келет.


Жалпысынан биз кыргыз-монгол көп кырдуу кызматташтыгын ары да чыңдоого дилгир экенибизди ырастадык.


Бизде эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген көптөгөн иштер жана пландар бар.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.


Жетишилген бардык макулдашууларды толук жана өз убагында ишке ашыруу өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы достукту жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого түрткү берет деп ишенем.


Урматтуу мырзалар жана айымдар,
Монголиянын Президенти, урматтуу Хурэлсух мырзанын Кыргызстанга мамлекеттик сапары кыргыз-монгол кызматташтыгын чыңдоо жолундагы маанилүү жана тарыхый учуру болору талашсыз.


Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара достукка жана урмат-сыйга негизделген кызматташуу элдерибиздин бакубат келечеги үчүн мындан ары да өнүгө берет деп ишенем.


Көӊүл бургандарыӊыз үчүн чоӊ рахмат”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн