Теке 26, 2025
Убакыт: 11:24
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Адылбек Касымалиев Эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

25.07.2025 12:45
37
Адылбек Касымалиев Эл аралык экологиялык конференцияга катышууда


Россия Федерациясынын Алтай Республикасындагы “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда Эл аралык экологиялык конференция башталды. 


Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. 


Алгач, конференция башталаар алдында делегация башчылары саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң, пленардык жыйын өтүүчү  залына өтүштү. 


Белгилей кетсек, Эл аралык экологиялык конференцияга — Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн