Кулжа 01, 2025
Убакыт: 01:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Жалал-Абадда токтоп турган унаа жылып кетип, ичиндеги 8 жаштагы бала көз жумду

Жалал-Абадда токтоп турган унаа жылып кетип, ичиндеги 8 жаштагы бала көз жумду


Жалал-облусунун Кепел-Бел ашуусунан токтоп турган машина жылып кетип жардан учуп, ичиндеги 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 


Маалыматка ылайык, кырсык 25-май күнү 38 жаштагы келин 8 жана 3 жаштагы балдарын алып Оштон Таш-Көмүр шаарына баратканда болгон. 


"Келин жолдон токтоп, 3 жаштагы баласын жерге алып түшкөндө автоунаа кокусунан жылып кетип, жардан кулап кеткен. Машинанын ичинде калган 8 жаштагы бала алган жараатынан ошол жерде көз жумган", — деп айтылат кабарда. 


Окуя боюнча келин эч кимге эч кандай доосу жок экендигин билдирип, баласынын сөөгүн экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн