Бугу 31, 2025
Убакыт: 23:41
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу талкууланды

30.05.2025 17:24
62
Кыргызстан менен Египеттин кызматташуусу талкууланды


Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Марипов Египеттин Азия өлкөлөрү боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ахмад Шахин менен жолугушту.


КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Улукбек Марипов өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди.


Тараптар ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Визиттерди алмашуунун жана келишимдик-укуктук базаны түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Мындан тышкары, элчи өкмөттөр аралык комиссия, ишкерлер кеңешин түзүү, түз авиакаттамдарды жана эки өлкөнүн борборлорунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу сыяктуу бир катар келечектүү сунуштарды айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн