Кулжа 23, 2025
Убакыт: 16:42
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыргызстандан көмүр ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан көмүр ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды


Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 


Белгиленгендей, министрлер кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. 


Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 


Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлду. 


Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Толук маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн