Чүйдө автоунаа электр мамысын сүзүп, айдап бараткан киши каза болгонун Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Кырсык кечээ саат 05:55 чамасында Сокулук районунун Фрунзе көчөсүндө болгон.
"BYD үлгүсүндөгү автоунаа чыгышты көздөй бара жатып "ОАЗИС" кафесинин жанындагы электр мамысына урунган. Кырсыктын кесепетинен айдап бараткан киши алган жаракаттарынан улам каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Автокөлүктөгү жүргүнчү ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн