Ош шаарында "Эки дос" аттуу жаңы конуш пайда болорун мэр Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Ал шаарчаны Кытайдын "Кунлунь" курулуш компаниясы салат. Калаа башчысы компания өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Жаңы шаарчага 520 үй түшөт. Бул турак жайлар жолду кеңейтүүгө байланыштуу там-ташы буздурулуп, башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилери белгиленди.
"Кечээ министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен жолугуп, силердин компания тууралуу маалымат бердим. Бул конушту "Эки дос" деп атайлы деп айттым. Эки мамлекеттин ортосундагы достук өлкө башчыларынын эмгеги деп ойлойм", — деген Токторбаев.
Мэр компания өкүлдөрүнө суук түшкөнгө чейин үйлөрдү көрктүү кылып бүтүрүү керектигин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн