Баш оона 15, 2025
Убакыт: 19:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Ташкент – Тамчы багыты боюнча үзгүлтүктүз аба каттамы аткарыла баштады

23.06.2025 16:41
155
Ташкент – Тамчы багыты боюнча үзгүлтүктүз аба каттамы аткарыла баштады


Ташкент – Тамчы ("Ысык-Көл" эл аралык аэропорту) багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамы аткарыла баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Өзбекстан лоукостери болгон - Fly Khiva авиакомпаниясы аталган багыт боюнча алгачкы жүргүнчү каттамын ишке ашырды. 


Каттамдар 22-июндан тарта аткарыла баштады жана 10-августка чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. 


"Мындай каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт", - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, билеттерди авиакассалардан сатып алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн