Бишкектеги жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча мурдагы аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунун аймагындагы бир гектардан ашык 21 жер тилке мыйзамсыз сатылган.
"Райондун акими жана Курулуш министрлигинин мурдагы кызматкери документ жасалмалап, жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү Б.К.Э. жана У.М.И. аттуу жарандар күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн