Баш оона 14, 2025
Убакыт: 14:30
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Журналист, акын Сонунбү Кадырова көз жумду

14.08.2025 12:43
11
Журналист, акын Сонунбү Кадырова көз жумду


Журналист, акын жана аткаруучу Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында каза болду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 


Ал көп жыл тележурналистикада иштеген. 


Кадырова 1966-жылдын 8-февралында Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында туулган. 


1981-1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1985-1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган теледолбоорлорду алып чыккан. 


1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулаган. 


"Кадырова "Алтын тизме", "Замандаш", "Айыл ажары" сыяктуу телеберүүлөрдү элдин сүймөнчүлүгүнө айландырды. 2019-жылдан тартып "Абаз" теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди. 2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, "Ыр кесе" берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошту", — дешти министрликтен. 


Кадырова Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, "Сонун дүйнө", "Сүйүнчү", "Бар болуңуз" аттуу китептердин автору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн