Баш оона 14, 2025
Убакыт: 15:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Кыргызстанда үч жаңы банк пайда болот

Кыргызстанда үч жаңы банк пайда болот


Улуттук банк "Алма Финанс Банк", "Мурас Банк" жана "Асман Банк" жабык акционердик коомдорун түзүүгө уруксат бергенин билдирди. Бул тууралуу агенттикке финансылык жөнгө салуучу органдан кабарлашты. 


Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиргендей, банк мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларга ылайык, уруксат алгандан кийин уюштуруучуларга уставдык капиталды түзүү жана ишти баштоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүүгө алты айдан ашык эмес мөөнөт берилет. Бардык белгиленген талаптар аткарылгандан кийин, уюштуруучулар банк лицензиясын алуу үчүн арыз беришет. 


Улуттук банктын маалыматы боюнча, "Алма Финанс Банк" жана "Мурас Банк" ЖАКтардын уюштуруучулары азыркы учурда лицензия алуу үчүн арыз берүүгө керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатышат.


Ал эми "Асман Банк" ЖАКты уюштуруучусунун лицензия берүү жөнүндөгү арызы белгиленген тартипке ылайык кароо стадиясында турат. 


Эскерте кетсек, учурда өлкөдө 21 коммерциялык банк иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн