Кулжа 23, 2025
Убакыт: 20:25
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыргызстанда айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасы киргизилет

23.06.2025 16:37
19
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасы киргизилет


Бишкекте айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө (трейсабилити) системасын киргизүү боюнча тааныштыруу семинары өттү.


Семинарды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан ФАОнун Техникалык кызматташтык программасынын алкагында уюштурулду.


Иш-чара агроазык-түлүк тармагын санариптештирүүгө жана продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыздоого багытталды. Система продукциянын жолун фермерден баштап керектөөчүгө чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жарандардын ишенимин арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.


Семинарга министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ФАОнун адистери катышып, системанын максаттары, ишке ашыруу этаптары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.


Көзөмөлдөө системасы пилоттук аймактарда жана айрым продукция түрлөрүндө сыноодон өткөрүлүп, андан соң республика боюнча кеңири колдонууга сунушталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн