Кыргыз футбол биримдиги FIFA уюмунун беделдүү сыйлыгын алды. Бул тууралуу союздун маалымат кызматынан билдиришти.
FIFA Forward Awards сыйлыгы Улуттук футбол академияны куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашканы үчүн берилген. Сыйлыкты FIFA уюмунун президенти Жанни Инфантино тапшырды.
FIFA Forward Awards үч — алтын, күмүш жана коло категорияларында ыйгарылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн