2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстандан мал чарба продукциясынын экспорттоонун көлөмү өскөн.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сүт азыктарынын экспорттук көлөмү 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 628 тоннага көп болду.
Экспорттун туруктуу өсүшү төмөнкү багыттар боюнча байкалууда:
- сырлар 242 тоннага;
- сары май 684 тоннага;
- кургак сүт 294 тоннага көбөйгөн.
Башка мал чарба товарлары:
- балык тоюту 452 тонна;
- уйдун териси 381 тонна;
- тоок субпродукттары 240 тоннага;
- уй субпродукттары 215 тоннага;
- бал 40 тоннага көп экспорттолгон.
Ошондой эле быйыл тоок жумурткасынын экспорту жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, 5 айда 12,7 млн даананы түздү.
Мындан тышкары, экспорттун өсүшү балмуздак, улуттук суусундуктар, пастерленген сүт, сыр жана колбаса сыяктуу продукциялар боюнча да күтүлүүдө.
Экспорттук көрсөткүчтөрдүн өсүшү Кыргызстандын продукциясынын жогорку сапатын, эл аралык базарлардагы туруктуу суроо-талапты жана мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун көрсөтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн