Кулжа 09, 2025
Убакыт: 19:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Массалык башаламандыкка чакырууга шектүү жаран кармалды

09.06.2025 16:29
15
Массалык башаламандыкка чакырууга шектүү жаран кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда жазасын өтөп чыккан жаран кайрадан массалык башаламандыкка чакыргандыгы үчүн кармалдыгы үчүн кармалганын маалымдайт.


Атайын кызмат жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында 6 жыл жазасын өтөп жаткан 1984-ж.т. Б.Э.М., КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу" жана 330 "Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты (аразчылыкты) козутуу» туралуу жасаган аракетинин мыйзамсыздыгын түшүнбөстөн, кайра эле ушул сыяктуу оор кылмыштарды жасоо жолуна түшүп, мурдагы соттуулугун билип туруп кайрадан кайталап кылмыш жасаган.


Аталган Э.Б., «Фейсбук» социалдык тармагына «Алып Качар Салып Качар» аталыштагы «фейк аккаунт» ачып алып, болжол менен 2025-жылдын январь айынан баштап, массалык баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык менен коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган провокациялык басылмаларды системалуу түрдө Интернетке жайгаштыра баштаган.


Топтолгон материалдардын негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2-июнда "Массалык баш аламандыкка чакыруу" "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" беренелери боюнча кылмыш жасаган деп Э.Б. айыпталган.


Такталгандай, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатып, блогер Б.Темиров менен тыгыз байланышта болуп, Temirov Live долбоорунун жетекчисине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ичиндеги абалы тууралуу маалыматтарды берип, андан тиешелүү тапшырмаларды алып турган.


Эксперттин корутундусуна ылайык, "Алып Качар Салып Качар" аккаунтунун колдонуучусунун басылмаларында, "Фейсбук" социалдык тармагында мамлекеттик кызматкерлердин жана уюмдардын массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аларга катышууга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук кѳрсѳтүү камтылган.


Мындан сырткары, аталган басылмаларда бийликти күч менен басып алууга жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктардын белгилери да камтылган.


Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.


УКМК Кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн