Казакстандык белгилүү дүйнө жылдызы Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Раевдин маалыматына караганда, ал учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV "Мейкин Азия" эл аралык музыка сынагына ардактуу конок катары чакырылган.
"Димаш Кудайберген 2013-жылы "Мейкин Азия" заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байгесинин жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат", - деп жазды ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн