Теке 29, 2025
Убакыт: 01:09
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 21,9 пайызга кыскарды

28.07.2025 18:09
28
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 21,9 пайызга кыскарды


Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 21,9 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, 2025-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында каттоодо турган жана жумуш издеп жүргөн жумушсуздардын саны 65,4 миңди түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,7 пайызга аз.


Анын ичинен расмий катталган жумушсуздардын саны — 45,5 миң адамды түзүп, бул 2024-жылдын июлуна салыштырмалуу 21,9 пайызга азайганын көрсөтөт. Катталган жумушсуздуктун деңгээли эмгек рыногундагы жалпы эмгек күчүнүн 1,6 пайызын түзөт.


2025-жылдын 1-июлундагы (2024-жылдын ушул датасына салыштырмада) катталган жумушсуздардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:


  • Баткен облусу — 7 247 адам;
  • Жалал-Абад облусу — 11 066 адам;
  • Ысык-Көл облусу - 2 145 адам;
  • Нарын облусу - 1 509 адам;
  • Ош облусу — 12 308 адам;
  • Талас облусу — 2 434 адам;
  • Чүй облусу — 2 004 адам;
  • Бишкек шаары — 3 730 адам;
  • Ош шаары — 3 073 адам.


Катталган жумушсуздардын жалпы санынан 45,5 пайызын аялдар түзөт.


Жумушсуздардын санынын азайышы эмгек рыногундагы оң өзгөрүүлөрдү, аймактык өзгөчөлүктөр жана кыйынчылыктарга карабастан, белгилеп турат.


Эмгек министрлиги калктын иш менен камсыз болуусун колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү стимулдаштыруу багытындагы ишмердүүлүгүн улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн