Кулжа 09, 2025
Убакыт: 20:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Алмаз Салиев: “Мен Райымбек Матраимовдун кадры эмесмин”

09.06.2025 16:27
22
Алмаз Салиев: “Мен Райымбек Матраимовдун кадры эмесмин”


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы менен маек.


- Алмаз Абдылдаевич, бажы өткөрмө көзөмөл жайлары заманбап, эл аралык деңгээлдеги санариптештирүүгө канча жылда жетишсе болот? 


- Бул багыттагы санариптик өзгөрүүлөрдүн негизги бөлүгү – «Смарт Бажы» маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз өткөрмө пункттарындагы санариптештирүү процесстерин эл аралык деңгээлге жеткиздик (!) деп айта алабыз. Учурда өткөрмө пункттарында МБКнын өзүнүн бизнес алкагында гана эмес, төрт мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын процесстерин санариптештирүү бажы кызматы тарабынан жүзөгө ашырылды жана алар биздеги маалыматтык системада иш алып барууда. Буга чейин колдонулган кагаз-журналдар жокко чыгарылды. 


Жогоруда белгиленген иш аракеттердин жыйынтыгы, ошондой эле «Смарт Бажы» системасынын айрым модулдарын киргизүү өз жыйынтыктарын берип жатат. Мисалы, 2018-жылы эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн өткөрмө пункттарында товарлардын чыгаруу убактысын изилдөөдө, товарлар менен транспорт каражаттарын чыгаруу убактысы орточо 5 саат 18 мүнөттү түзсө, азыркы учурда бул көрсөткүч 58 мүнөттөн аз убакытка чейин кыскарды.


Колдонууга берилген продукттун натыйжалары боюнча «Смарт Бажы» системасы Улуу Британиянын Эл аралык соода палатасы уюштурган C4DTI Digital Trade Awards сынагынын жыйынтыгында дүйнөдөгү эң мыкты төрт бажы программалык чечимдеринин бири катары таанылды. Сынак 2024-жылдын 17-18-апрелинде өткөн эл аралык Digital Trade Conference конференциясында өткөрүлүп, глобалдык жеткирүү чынжырларындагы мыкты санариптик чечимдерди камтыган. Калыстар тобу долбоордун инновациялуулугун жана эл аралык сооданын өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалады.


- Системада санариптештирүү жакшырганы айтылса да, бирок коррупция токтобой атканын кандайча түшүндүрөсүз? 


- Учурда финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бажы процесстерин автоматташтыруу жол-жоболорду тездетүүгө, жөнөкөйлөтүүгө жана адам факторун минималдаштырууга багытталган. Бул биринчи кезекте коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга шарт түзөт. Азыркы учурда биз санариптештирүү боюнча жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, анда негизги жыйынтык ачык-айкын ишмердүүлүк жана бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кабыл алынган чечимдерди минималдаштыруу болууга тийиш.


Ошол эле учурда бажы кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин жоюу жана коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, жарандар үчүн +996 (312) 512467 ишеним телефону иштейт, ал боюнча кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу кабарлоого болот. Бизге ар бир билдирүү маанилүү, баардык фактылар каралат жана алар тастыкталган учурда күнөөлүүлөргө карата эң катаал чаралар көрүлөт. 


- Бажы кызматынан түшкөн кирешелер жылдан жылга көбөйгөнү “салттуу пиарга” айланып калбадыбы. Бирок ошого жараша өлкөгө кирип-чыккан товарлардын көлөмү да арбып атса, ал жагы эмнеге айтылбайт?


- 2024-жылы республикалык бюджетке иш жүзүндө 123,1 миллиард сом бажы төлөмдөрү түшкөн. Пландан 2 миллиард 085,6 миллион сомго көп чогултулган. Ошол эле учурда бажы төлөмдөрүнүн түшүү динамикасы (ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алымдарды эске алуу менен) туруктуу өсүштү көрсөтүүдө: 2021-жылы 46,9 миллиард сомдон, 2024-жылы 123,1 миллиард сомго чейин. 2021-жылдан бери бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 2,7 эседен ашык көбөйдү. Мында, мисалы: 


- 2021-жылы товарлардын импортунун салык салынуучу көлөмүнүн салмак көрсөткүчүнүн өсүү темпи 2020-жылга карата 135,9%ды түздү;


- 2022-жылы 2021-жылга карата 142,9% түздү; 


- 2023-жылы 2022-жылга карата 128,3% түздү; 


- 2024-жылы 2023-жылга карата 113,7% түздү.


Графикте көрүнүп тургандай, импорттун салык салынуучу көлөмүнүн салмак көрсөткүчүнүн өсүү темпинин динамикасы төмөндөп жатат, ошол эле учурда бажы төлөмдөрүнүн түшүү динамикасы өсүүдө.


- Логистикалык борборлор, же кампа кызматтары канчалык деңгээлде көзөмөлдө? Бул багытта таасирдүү адамдардын иши жүрүшүп, “мыйзамдуу коррупция” өнүгүп атабы?


- Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, бажылык тариздөө жайлары орун алган убактылуу сактоо кампаларынын көпчүлүк бөлүгү (БТЖ) Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын карамагында турат. Убактылуу сактоо кампаларынын калган бөлүгү 50% үлүшү менен мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасына жана 50% үлүшү менен ТЭИнин катышуучуларына (бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген убактылуу сактоо кампаларынын ээлерине) таандык. 


- Сиздердин кызматкерлер, айрыкча жетекчилер үй мүлктөрүн, байлыктарын жакын адамдарына жаздырып коюу менен көз будамайлап келишкенин билесизби? Баарыбыз эле байкап жүрөбүз го?..


- Ооба, буга чейин коомчулукта бажы кызматынын кызматкерлери жана анын ишмердиги тууралуу терс пикирлер болгон. Бирок, бүгүнкү күндө бажы кызматынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн жана катарларды ак ниетсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча масштабдуу иштин аркасында бул стереотиптер жок кылынды. Баардык кызматкерлер, анын ичинде жетекчилик курам компетенттүү мамлекеттик органдарда текшерүүдөн өткөн бирдиктүү салык декларациясын белгиленген тартипте толтурушат. Негиздер болгон учурда тийешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт жана зарыл болгон учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.


Эгерде биздин кызматкерлер, анын ичинде жетекчилер тарабынан укук бузуулар жөнүндө конкреттүү фактылар же негиздүү шектенүүлөр болсо, аларды текшерүү үчүн кат жүзүндө берүүнү суранабыз.


- Бажыга билимдүү адистер эмес, жалаң чоңдордун, байлардын балдары жумушка алынып келе жатканын кандайча чечмелейсиз?


- Сурооңуз үчүн рахмат, бул чындыгында маанилүү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматында кадр резервин түзүү колдонуудагы мыйзамдарды катуу сактоо менен ишке ашырылып келет. Учурда талапкерлерди тандоо ыкмасын толугу менен өзгөртүп жатабыз. Бажы иши, мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ишмердиктин негизги багыттарын камтыган тесттик суроолордун тизмеси олуттуу түрдө кеңейтилди, жаңыланды. Суроолордун толук тизмеси мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына ачык жайгаштырылган.


Конкурстук тандоо үч этапты камтыйт: 


1. Дене тарбия даярдыгы – талапкерлер конкурстук комиссиянын жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда ченемдерди тапшырышат. Толук ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн сынак видео жана аудиого жаздырылат. 


2. Компьютердик тестирлөө – заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылат. Суроолор адам факторлорунун кийлигишүүсүн жокко чыгарган туш келди тандоо алгоритми боюнча түзүлөт. 


3. Маектешүү жана эссе – талапкердин мотивациясынын деңгээлин, коммуникативдик көндүмдөрүн жана аналитикалык ой-жүгүртүүсүн баалоого мүмкүндүк берет. 


Ошентип, конкурстун ар бир катышуучусу бирдей шарттарда болот. Өлкөгө кызмат кылууга чындап даяр жана керектүү билимге, жөндөмгө, инсандык сапаттарга ээ адам жеңет.


- Убагында Райымбек Матраимовдун кадры катары өсүп, анын колдоосун көрдүңүз беле?


- Жок. Мен эч качан “Райымбек Матраимовдун кадры” деп аталгандардын катарына кирген эмесмин. Мындай ырастоолор чындыкка дал келбейт, негизсиз болуп саналат. Эмгек ишмердүүлүгүмдүн жолунда мен кызмат орундарын белгиленген тартипте – квалификацияга, тажрыйбага жана иштин натыйжаларына ылайык ээледим. Жөнөкөй инспектордон баштап, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисине чейин менин кесиптик жолум билимиме, тажрыйбама, эмгегиме гана негизделген.


Мага кимдир бирөөнүн саясый багытталуусун же формалык эмес байланыштарын таңулоо туура эмес жана негизсиз деп эсептейм. Кесипкөй жолду баалоо божомолдорго эмес, конкреттүү фактыларга, жетишкендиктерге негизделиши керек. 


- Асамидин Мариповго (балдары элчи, депутат), Арзыбек Буркановго (ажонун досу) кандай жакындыгыңыз бар?


- Асамидин Марипов менин кайнатам болот. Баардыгы аны бүтүндөй өмүрүн адамдарга кызмат кылууга арнаган, медицина чөйрөсүндө жогорку кесипкөй адис катары тааныйт деп ойлойм. Арзыбек Бурканов тууралуу айта кетсем, аны менен менин эч кандай жеке жана ишкердик байланыштарым жок. 


- Бажыны көзөмөлдөгөн УКМК кызматкерлери көмүскөдөн өздөрүнүн “энчилерин” алып турушабы? 


- УКМК кызматкерлери бажыдагы көмүскө иштерден өздөрүнүн “үлүшүн” алып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана негизсиз. Эгерде сизде божомолдор эмес, тастыкталган фактылар болсо, аларды кат жүзүндө жөнөтүүнү суранабыз. 


Кызматташуу жана ачык диалог үчүн рахмат. Биз бажы кызматынын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн конструктивдүү иштешүүгө дайыма даярбыз.


Маектешкен: Асланбек Сартбаев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн