Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы Франциянын Ницца шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Океан боюнча конференциясына катышты.
Форумдун ишине мамлекет башчылары, өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Катышуучулар учурдагы көйгөйлөрдү талкуулашууда жана Дүйнөлүк океанды коргоо жана анын ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгышууда.
Өз сөзүндө Эдил Байсалов күн тартибиндеги негизги маселелерди, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, суу жана тоо экосистемаларын сактоо, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын белгиледи. Ал Кыргызстан өзүнүн континенттик абалына карабастан, дүйнөлүк экологиялык тутумдун маанилүү элементи катары Дүйнөлүк океанды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнөөрүн баса белгиледи.
"Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү катары Дүйнөлүк океанды коргоо маселесинде четте калбайт. Климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана адамдын жаңы чакырыктарга ыңгайлашуу маселелери бизди терең тынчсыздандырат. Биз эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык демилгелерди колдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", - деди ал.
Конференциянын алкагында төраганын орун басарынын чет өлкөлүк өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары да пландаштырылган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, климаттык демилгелерди ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү тышкы саясий артыкчылыктарын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасынын БУУнун Океан боюнча конференциясына катышуусу анын глобалдык экологиялык милдеттенмелерди аткарууга берилгендигинин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулгандыгынын далили болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн