Кулжа 07, 2025
Убакыт: 03:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди

04.06.2025 09:59
130
Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди


3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар чечимди колдосо, башкалар жаза оор болду деп эсептешүүдө. Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча "Кабар" агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.


- Саламатсызбы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык айрым мүлктөрү конфискация болуп, өзү он бир жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул чечимге коомчулуктун реакциясы бир беткей эмес. Колдогондор да бар, “аз болду, көп болду” дегендер да бар?


- Саламатчылык. Кандай чечим болсо да, соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек.

Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку сот койсун” деп келем. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. 

Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз.


- Соцтармактын айрым колдонуучулары эки жыл мурун Дубайда экс-президенттерди чогултуп, өткөн-кеткенди унутуп, мындан ары ынтымакта бололу деген сиздин билдирүүңүздү эске салып, бул жагы кандай болуп калды деп суроо салышууда. Ушул боюнча сиздин комментарий? Анткени саясатта жүргөндөргө карата соттук чечим чыкса эле аны бийликке байланыштыруу буга чейин коомчулукка сиңип калган да?


- Ооба. Мен чын ниетим менен эле үч жыл мурда экстердин баарын Дубайга чогулткам. “Эгер чындап эле баарыңардын жүрөгүңөр Кыргызстан деп соксо, анда баарыңар өткөн-кеткенди унуткула, бири-бириңерди жамандап, ушакташканды токтоткула, тарапташтарыңарга да айткыла, бири-бириңер менен тирешпегиле” дегем. Азыр деле ошол позицияда, ошол ниетимде турам.


Себеби мен бийликке келип, эки жылга чукул иштегенде көптөгөн дүйнөлүк ири инвесторлорду Кыргызстанга чакырдым, кабыл алдым.


Баарынан бирдей эле жоопту угуп жаттым. “Силер, кыргыздар тынчыбаган эл экенсиңер. Үчүнчү президентиңерди кубаладыңар. Ынтымак, стабилдүүлүк жок силерде. Акча болсо тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйөт” деген жоопторду угуп жаттым.


Албетте, ири инвестиция салыш үчүн көптөгөн мыйзамдарыбызда кемчиликтер бар экенин дагы айтышты. Ал кемчиликтерди оңдоп, тез арада жойдук.


Андан кийин экстердин баарын чогултуш керек болду. Чогулттук. Ынтымакташтырдык. Байкадыңарбы, ошондон бери бирөөсү дагы бири-бири менен акыйнек айтышкан жок.


Болбосо Акаев-Бакиев менен, Атамбаев-Жээнбеков менен, айтор тарапташтары жаат-жаат болуп бөлүнүп алышып акыйнек айтышып жатышчу эле.


Андан бери абал тынчып, стабилдүүлүк орноду. Стабилдүүлүктү байкагандан кийин ири инвесторлор келе башташты.


Алардын артынан орточолору, кичинелери келип олтуруп азыр Борбор Азияда эң көп инвестиция келген өлкө биздин өлкө болуп жатат.


“Ынтымак бар жерде - ырыс бар” дейт. Элибиз дайыма ынтымакта болуш керек. Ошондо өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болот.


- Эми Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камака алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?


- Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот.


Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм.


Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм.


Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал - мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек.


- Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев: “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат”, - деп айтты. Ушул боюнча сиздин комментарий?


- Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле.


2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле.


Ушул калптары элге ачыкталып калды.


Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат.


Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.


Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти.


Маектешкен: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев


Булак: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн