Бугу 01, 2025
Убакыт: 07:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

15.04.2024 13:01
318
Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү


Жетишилген макулдашууга ылайык, 7-апрелден 13-апрелге чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн