Кулжа 13, 2025
Убакыт: 12:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгондорду алмашат

12.06.2025 10:17
39
Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгондорду алмашат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө улантуу үчүн эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын расмий укуктук актылары жарыяланган Lex.uz сайтында маалымдалат.


Жарандарды өткөрүп берүү "Достук/Дустлик" чек ара көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат. Документте чыгымдарды жабуу, талаш маселелерди чечүү, расмий тилдерди колдонуу жана башка уюштуруучу маселелер каралган. Келишимди ишке ашыруучу борбордук ыйгарым укуктуу органдар катары Кыргызстандын жана Өзбекстандын Башкы прокуратуралары аныкталган.


Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 100гө жакын Өзбекстандын жараны, ал эми Өзбекстанда 50дөй кыргызстандык жаран жаза өтөп жатат.


Эске салсак, бул келишимге 2024-жылы Ташкент шаарында КР президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында кол коюлган.


Документ 2025-жылдын 31-январында Өзбекстандын мыйзам чыгаруучу палатасы тарабынан кабыл алынып, 18-мартта Сенат тарабынан тастыкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн