Кулжа 14, 2025
Убакыт: 06:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Өлкөдө жогорку медициналык билим берүү программаларын лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

13.06.2025 11:04
29
Өлкөдө жогорку медициналык билим берүү программаларын лицензиялоого убактылуу тыюу салынды


Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди.


Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.


Лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.


Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.


Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн