Кулжа 14, 2025
Убакыт: 08:04
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Талас шаарындагы "Кыргызпочтасынын" имараты мамлекетке кайтарылды

13.06.2025 12:14
31
Талас шаарындагы "Кыргызпочтасынын" имараты мамлекетке кайтарылды


Талас шаарындагы "Кыргызпочтасы" ААКтын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы 0,14 га аянттагы имараттар мамлекеттин балансына кайтарылды.


Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн объект "Б" категориясындагы (маанилүү объектилер) стратегиялык объект экендиги аныкталган. Ушуга байланыштуу жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.


Азыркы учурда имараттар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн