Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Эртең Бишкекте белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат

25.11.2024 11:32
173
Эртең Бишкекте белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат


Эртең, 26-ноябрда Бишкекте белгилүү хирург жана окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда болот.

Белгилей кетсек, күн мурун 97 жаш курагында Мамбет Мамакеев каза болгон. Ал 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ак халатчан 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. 120 ашык илимий эмгектердин (анын ичинен 8 монографиянын) автору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн