Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 03:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Депутат Энергетика министрлиги бир айдан ашык убакыттан бери майнинг-фермалар боюнча маалымат бербей жатканын айтты

28.05.2024 11:35
198
Депутат Энергетика министрлиги бир айдан ашык убакыттан бери майнинг-фермалар боюнча маалымат бербей жатканын айтты


Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Энергетика министрлиги бир айдан ашык убакыттан бери эл өкүлдөрүнө майнинг-фермалар боюнча маалымат бербей жатканын айтты.


Улугбек Ормоновдун айтымында, Салык кызматы майнинг-фермалардын салыктары боюнча отчет берген, бирок ведомство ишканалардын юридикалык даректерин каттаган жана депутаттар майнинг-фермалардын иш жүзүндө жайгашкан жерин, 2023-жылы канча электр энергиясын керектегени тууралуу маалыматты билиши керек.


Парламентарийдин айтымында, министрлик депутаттардын кайрылууларына жооп бербей жатканын билдирип, комитеттин төрагасынын орун басарына дагы бир жолу кайрылуу жөнөтүүнү суранды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн