Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:21
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бир суткада дагы 28 медик коронавирус жуктуруп алды

02.10.2020 11:41
997
Бир суткада дагы 28 медик коронавирус жуктуруп алды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрдагы брифингде билдирди.


Жаңы учурлар: 


- Бишкек шаарында - 8

- Ош шаарында - 4

- Ош облусунда - 5

- Жалал-Абад облусунда - 2

- Баткен облусунда - 9


Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медициналык кызматкер чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн