Акыркы убактарда Эверестти эңсегендердин, чыгууга кызыккан адамдардын саны арбыды. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверестти багынтууну каалагандар 55 миң доллардан ашык каражат коротууга даяр болушу керек. Бул сумма бир адамга эсептелет жана ага керектүү баардык кызматтар кирет.
Мурунку жылдарга салыштырмалуу чыгымдар кескин өскөн. 2003-жылы, мисалы, 12 адамдан турган топко болгону 3 шерпа кызмат көрсөткөн болсо, азыр алардын саны 12ге жеткен. Ошондой эле кычкылтек баллондорунун саны да эки эседен көбөйгөн: мурда ар бир альпинистке 3 баллон берилсе, азыр 6 баллон менен камсыз болушат.
Экспедициялардын сапаты азыр кыйла жогорулаган. Эверест базалык лагерлеринде эми мончо, телевизор, интернет сыяктуу ыңгайлуулуктар да бар. Мунун баары адамдын аман-эсен чокуга чыгып келүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат. Бирок ошого карабастан, Эверестке чыгуу – тобокелдик менен коштолгон чоң сыноо бойдон калууда. Мурун чокуга чыныгы альпинисттер гана барса, азыр акча төлөгөн ар ким аракет кылып көрө алат. Жандоочуң жарашса. Ошондуктан физикалык даярдык менен катар руханий бекемдик да маанилүү. Көпчүлүк мындай учурларда “Кудайым сактасын!” деп тилек кылып жолго чыгууга жол ачылды.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн