Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 21:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ак куулардын айдың көл

24.06.2021 14:54
5405
Ак куулардын айдың көл


Ак куулардын айдың көл
Көрсөтчү ак куу конгон ошол көлдү,⁣
Кадамың гүл чегерген жээк бойлоп.⁣
Кандайдыр беришкенсийт сырдуу белги, - ⁣
Толкунду тосуп жатып койдум ойлоп.⁣
Көрсөтчү маяк күйгөн аркы жээкти,⁣
Кайыкка калак салып барган элек.⁣
Табалбай орундуу бир жакшы кепти,⁣
Издегем бир жыттоого анда себеп.⁣
Жуп элек, Ай да анда эки болгон -⁣
Бирөөсү көл түбүндө жаткан калкып.⁣
Эң алгач кармаганга сени колдон⁣
Жүрөгүм "дүп-дүп" этип, алгам балкып.⁣
Ыктасам чочуп кетип жайдар күлкүң⁣
Шыңкылдап көл түбүнө түшүп кеткен.⁣
Келбестен калат го деп мындай бул күн,⁣
Калтырак басып аяр сүйгөм беттен.⁣
Чакырчы ак куу конгон ошол көлгө,⁣
Биз чындап эми билдик сүйүү баркын.⁣
Сөз болсок деле мейли бөлөктөргө,⁣
Бузалы караң калгыр турмуш салтын,⁣
Чакырчы ак куу конгон ошол көлгө...⁣

Кубат Оторбаев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алькамиль
Жуп ак куу