Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жогорку сот кримтөбөл "Дөө Чыңгызга" акыркы чечимди чыгарды

15.03.2021 16:16
806
Жогорку сот кримтөбөл "Дөө Чыңгызга" акыркы чечимди чыгарды

Жогорку Сот криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун ишине чекит койду. Анда сот райондук соттун чыгарган чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, мындай чечим 11-мартта чыккан.


Буга чейин Биринчи Май райондук соту Чыңгыз Жумагуловду 5 эылга эркинен ажыраткан. Ал "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. да айыпталып жаткан. Сот аларды 13 жылдан камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан тышкары алар 190 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн