Кулжа 18, 2025
Убакыт: 19:21
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун III окууда кабыл алды

18.06.2025 13:59
25
Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун III окууда кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору III окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору колдоо тапты.


Демилгечи – депутаттар Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Чыңгыз Айдарбеков, Талайбек Масабиров, Камила Талиева, Аида Исатбек кызы, Айсулуу Мамашова

Мыйзам долбоору 2019-жылдын 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган.


Анда «майыптыгы бар адам» жана «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам» деген түшүнүктөрүн бөлүү сунуш кылынат. Мындан тышкары долбоор жаңы терминдерди киргизет: абилитация, эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү, жөндүү ыңгайлаштырылган түзүлмө, универсалдуу дизайн, социалдык-тиричилик жана социалдык-чөйрө реабилитация жана абилитация, ыңгайлаштырылган жана/же атайын жумуш орундары, техникалык жардамдар, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды уюштуруу.


Ошондой эле «КР Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору аксакалдар сотунун чечимдерине даттануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан. 


Мындан тышкары, депутаттар «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун дагы үчүнчү окууда карап, кабыл алды. 


Мыйзам долбоору менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырып, ал маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу максатында даярдалганын айтты. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн