Бугу 17, 2025
Убакыт: 13:10
USD
87.30
87.80
EUR
97.30
98.30
RUB
1.070
1.110

Жайында деле үшүйсүзбү? Бул жөн эле өзгөчөлүк эмес, организмдин жардамга чакырыгы!

17.05.2025 09:26
24
Жайында деле үшүйсүзбү? Бул жөн эле өзгөчөлүк эмес, организмдин жардамга чакырыгы!


Баары жеңил кийинген, тердеп жүрөт, сиз болсо кофтада, шарфта. Колуңуз муздак, бутуңуз да жылыбайт. “Мен ушундаймын го” деп коёсуз. 

Бирок үшүк – жөн эле мүнөз эмес. Бул – ички тең салмак бузулганда организм берген сигнал.

Эмне үчүн адам дайыма үшүшү мүмкүн? 7 негизги себеп:


1. Кан аздык (анемия). Гемоглобин азайганда кычкылтек жетпей калат. Натыйжада, дене үшүп, кол-аяк муздап калат.


2. Калкан безинин жай иштеши (гипотиреоз). Бул без денедеги зат алмашууну жана жылуулукту жөнгө салат. Ал жай иштесе, эч нерсе жылытпайт.


3. Темир жетишсиздиги (ферритин аз). Көпчүлүк аялдарда кездешет. Анемия жок болсо, темир аз болсо – дене жылуу сактай албай калат.


4. B12 витамининин жетишсиздиги. Бул витамин нерв системасына жана энергияга жооптуу. Кол-аяк үшүп, дене шалдырап, көңүл да жок болуп калат.


5. Белок жана май жетишсиздиги. Белок – дененин отуну. Май – жылуулукту сактайт. Экөө жетишсиз болсо, денеде “от” жоктой болот.


6. Тамырлардын жакшы иштебеши (мисалы, Рейно синдрому). Суукта манжалар агарып же көгөрүп кетет. Кол менен буттун учтары бат-бат үшүп, кээде ооруйт.


7. Туруктуу стресс жана чарчоо. Стресс тамырларды кысып, кан ички органдарга кетет. Кол-аяк муздап, организм өзүн “муздатат”.


Эмне кылуу керек?


-- гемоглобин, ферритин, ТТГ, В12 анализдерин тапшырыңыз;

-- тамактанууда белок жана май жетиштүү экенине көңүл буруңуз;

-- стрессти азайтып, кан айланууну жакшыртыңыз.

Жыйынтык:

-- үшүк – бул жөн гана сезим эмес. “Мага энергия жетпей жатат. Өзүңө көңүл бур” деген органимздин үнү. Уга билиңиз. Денеңиз тынчсызданууда...    


Даярдаган: Эрмек Исмаилов

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн