Бугу 12, 2025
Убакыт: 19:03
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

Жалал-Абадда 800гө жакын ипотекалык батир пайдаланууга берүүгө даяр

12.05.2025 12:01
33
Жалал-Абадда 800гө жакын ипотекалык батир пайдаланууга берүүгө даяр


Бүгүн Жалал-Абадда 800гө жакын ипотекалык батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматынын кызматкери Ормонбек Амангелдиев социалдык тармактагы баракчасында жазды.


Батирлерди тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышат. 


Буга чейин президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Жалал-Абадда 870тен ашык батирдин ачкычы жашоочуларга тапшырыларын билдирген. 


Ошондой эле ал өлкө боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушун 2027-2028-жылдарга толук бүтүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айткан. 


МИК бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлерди “Жеңилдетилген ипотека”, “Социалдык ипотека”, “Арзан ипотека” жана "Үлүштүк курулуш" багыттарында берет.


Белгилей кетсек, жалпысынан буга чейин 9799 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында турак жай алууга өлкө боюнча 40 411 адам кезекте турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн