Атасынын баркы менен баласы атак ала албайт.
(Мигель де Сервантес)
Мен он төрт жашта экенимде атам келесоо болчу, мен ага араң чыдачу элем. 21 жашка чыкканымда атам жети эле жылда кандай акылдуу боло калганын көрүп, таңкалдым.
(Марк Твен)
Атеист – бул өзүн өзү «менин атам жок» деп ишендиргиси келген бактысыз бала.
(Бенджамин Франклин)
Мектеп окуучусу "Байыркы Грециянын уламыштары" китебин окуп отуруп атасынан “эмне үчүн байыркы гректер жеңишти аялдын образында чагылдырышкан?” деп сурайт. “Үйлөнгөндө билесиң” дейт анда атасы.
(Нурсултан Назарбаев)
-- Симпсондор мултфильмин көрүп отуруп биздин балдар Барт Симсон болуп калышынан коркпойсузбу?
-- Балдар Барт Симпсон болбошу үчүн алардын атасы Гомер Симпсон болбошу керек.
(Мэтт Гроунинг)
Кудайдан кийинки эле орунда ата турат.
(Вольфганг Моцарт)
Бир ата жүз мугалимден артык.
(Джордж Герберт)
Ата бала үчүн ата эле эмес дос да болушу керек.
(Виссарион Белинский)
Баардык аталар алар жетпегенге балдары жетишин каалашат.
(Иоганн Гете)
Балдар үй-бүлөнүн күзгүсү: күн суу тамчысынан чагылган сыяктуу ата менен эненин адеп-ахлагы да балдарынан чагылышып турат.
(Василий Сухомлинский)
Менин атам дайыма “телевизору китеп текчесинен чоңураак болгон кишилерге эч качан ишенбе” деп айтчу. Ошон үчүн мен көп окуйм.
(Эмилия Кларк)
Атасынын табышмагы баласынан көрүнөт, ошон үчүн мен атасынын табышмагына болгон жоопторду баласынан табам.
(Фридрих Ницше)
Мени атамдын ырлары жана жиндилердин сөздөрү жазуучу кылды.
(Ганс Христиан Андерсен)
Атам тирүү болуп, менин ким болгонумду көрсө кана...
(Роналдиньо)
Дейди уул атасына ооруп атканда кайтып келген. Адамзат деле Кудайга ошентип келет.
(Фазиль Искендер)
Атам көмүрдөй кара, апам сүттөй ак болгону менин аң-сезимиме эч кандай таасир эткен жок.
(Барак Обама)
Атам “40 жашында акыл кирбеген кишиге дегеле акыл кирбейт” деп айтчу.
(Идрис Элба)
Жаман атанын баласы эч качан жакшы боло албайт.
(Еврипид)
Фрейд – психоанализдин атасы. Психоанализдин энеси болсо жок.
(Жермен Грир)
Джозеф Кеннеди өзүнүн небереси Джон Кеннединин кызын аябай жакшы көрчү.
-- Кэролайн аябай эстүү кыз, сен анын жашында анчалык акылдуу эмес болчусуң, - дейт бир жолу ал өзүнүн уулуна.
-- Анын эмнесине таңкаласың? - дейт анда Джон. -- Менин атам ким да, анын атасы ким.
(Джон Кеннеди)
Атаң жакшы болсо сүй, жаман болсо чыда.
(Публий Сир)
Эгер жакырчылык кылмыштын энеси болсо, келесоолук анын атасы.
(Жан де Лабрюйер)
Менин атам мамлекеттик мырза болчу, а мен болгону аял-саясатчымын. Атам ыйык болчу, а мен андай эмесмин.
(Индира Ганди)
Атаны сыйлаш керек.
(Клеобул)
Менин атам кандай болгону маанилүү эмес, мен аны кандай элестетерим маанилүү.
(Энн Секстон)
Менин максатым – атамдын көзүнөн сыймыктанууну көрүү.
(Серхио Рамос)
Бир аз эле этиятсыздык кетирсең ата болуп калышың мүмкүн.
(Михаил Жванецкий)
Атасын түшүнгөндү үйрөнмөйүнчө бир да эркек жакшы ата боло албайт.
(Торнтон Найвен Уайлдер)
Бейиш эненин эле эмес, атанын да таман астында.
(Бауыржан Карасаев)
Атанын сүйүүсү өзгөчө, ал эненин сүйүүсүнө окшобойт, анда сөз аз, бирок баа жеткис.
(Ларошфуко)
Атанын жүрөгү – бул табигаттын шедеври.
(Антуан Франсуа Прево)
Аял ишенсе боло турган жалгыз эркек – бул анын атасы.
(Лев Толстой)
Кимдир бирөө “атам олигарх болсо” дейт, кимдир бирөө “жөн гана атам болсо экен” дейт.
(М.Пафф)
Ата-энесин сыйлабаган адам бейишке кирбейт.
(Мухаммед пайгамбар)
Жакшы уул – атанын оң көзү.
Улуу агаң экинчи атаң сыяктуу.
Балыкчынын балдары да сууну тиктешет.
Атасы үйрөтпөгөн балага даанышман да үйрөтө албайт.
Ата өз энесине кандай мамиле кылса, балдары да ошондой мамиле кылышат.
Атаңды укпасаң, таякты угасың.
(Орус макалдары)
Даярдаган: Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн