Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 15:30
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Жапаров Афганистандагы кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши үчүн убагында реакция кылууга чакырды

23.08.2021 18:29
953
Жапаров Афганистандагы кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши үчүн убагында реакция кылууга чакырды



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, орус тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кезексиз отурумга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты.


Тараптар Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.


Президент Садыр Жапаров кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн