Кулжа 26, 2025
Убакыт: 21:52
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

УКМК сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобун колго түшүрдү

26.06.2025 19:06
14
УКМК сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобун колго түшүрдү


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобун колго түшүрдү.


Атайын кызматтан билдиришкендей, эми сойкулукту уюштурууга шарт түзгөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана оюн-зоок жайларынын ээлери жоопкерчиликке тартылат.


Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарынын системалуу түрдө "сойкулукка" каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында коомдогу буга окшогон терс көрүнүштөр азайды. Бирок, алардын ишмердүүлүгү сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана жеке оюн-зоок мекемелеринин ээлеринин кызыкчылыгы аркылуу уланып келүүдө.


Алсак, 21-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мурда аныкталган сауналарда, конок үйлөрүндө, жеке менчик батирлерде ири өлчөмдөгү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 50дөн ашык кыздардын интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган. Тергөө маалында кармалган кыздардын баары интимдик кызматтарды жана сойкуканаларды уюштургандарга карата көрсөтмөлөрдү беришкен.


Натыйжада, интимдик кызматтын жана сойкуканалардын уюштуруучулары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, алар:


1987-ж.т. К.А.А. КР жараны, социалдык тармактар аркылуу элиталык интимдик кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу;

1975-ж.т. М.Э.М. КР жараны, "Инь Янь", "Банный двор", "Кристалл" сауналарынын жана "Рандеву" конок үйүнүн кожоюну;

1995-ж.т. П.Л.Е. КР жараны, "Инь Янь" саунасынын администратору;

1990-ж.т. К.Н.В. чет өлкөнүн жараны, Guest House саунасынын администратору.


Интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга карата административдик айыптар салынып, Бишкек ШИИБдин тиешелүү каттоо тизмесине алынды.


Мындан ары УКМК Бишкек шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ири иш-чараларды туруктуу негизде өткөрөт, ага байланыштуу сойкулукту уюштурууга шарт түзгөн жана көмөктөшкөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана жеке оюн-зоок жайларынын ээлери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн