Кулжа 26, 2025
Убакыт: 22:54
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

26.06.2025 19:02
17
Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду


Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокат районунун судьясы А.Г.А. тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", ошондой эле "Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу" фактысы аныкталды.


Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр салмактагы баңги заттарды (гашиш) сатуу учурунда Н.И. кармалгандыгы аныкталган. Н.И.нин жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 2 кг. (гашиш) баңги заты табылып, жалпы салмагы 2,7 кг баңги заты алынган. Н.И.ни тинтүү учурунда таңгакталган жана электрондук таразадагы баңгизаттар табылган, бул аларды сатуу ниетинен кабар берет.


Бирок, судья А.Г.А. соттук чечим чыгарууда "Сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо" беренесин "Сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо" беренесине кайра квалификациялаган.


Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон.


Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.


2025-жылдын 13-июнунда КР Судьялар кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.


2025-жылдын 21-июнунда А.Г.А.га карата жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу" беренелери боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин А.Г.А.нын оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн