Кулжа 26, 2025
Убакыт: 22:57
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Президент мектептерде телефон колдонуу эрежелери тууралуу мыйзамга кол койду

26.06.2025 19:00
16
Президент мектептерде телефон колдонуу эрежелери тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 


Мыйзамдын максаты балдарды мобилдүү түзүлүштɵрдүн терс таасиринен жана кибербуллинг тобокелдигинен коргоо болуп саналат. 


Мыйзамдын милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат: 

– окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү; 

– санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу; 

– жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо. 


Мыйзамда жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери, билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдалануу саясаты, билим берүү чөйрөсүндө кибербуллинге жана жол берилгис контентке каршы күрɵшүү боюнча чаралар, кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссияны түзүү, ошондой эле аталган комиссиянын укуктары каралган.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн