Тажик парламентинин төмөнкү палатасы "Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.
Ага ылайык, өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн жарандардан башка адамдардын аты-жөнүн жазганда колдонууга тыюу салынат.
Маалыматка ылайык, буга чейин колдонулуп келген «-ов/-ова» жана «-вич/-овна» деген орусчалашкан суффикстерди мыйзамга толуктоо киргизилгенден кийин колдонууга болбойт. Ал эми буга чейин коюлуп калган фамилиялар өзгөртүлбөйт.
«Бул өзгөртүүлөр паспортунда фамилиясы «-ов» же «-ова» деп жазылгандарга тиешелүү болбойт. Жаңы эреже аты-жөнүн өзгөрткүсү келген же алгачкы жолу документ алып жаткан жарандарга карата гана иштейт. Жаңы төрөлгөн балдарга аты-жөнү «пурдухт», «и», «зод», «зода», «он», «ён», иён», ниёр» жана «фар» деген улуттук суффикстер менен жазылган документтер берилет», — деп билдирген Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн