Ташкенттеги Икуо Хираяма атындагы Эл аралык маданий Кербен сарайдын чоң көргөзмө залында күн мурун кыргызстандык белгилүү сүрөтчү, Ош шаарынын тургуну Хасан Саидовдун жеке көргөзмөсүнүн ачылды.
Көргөзмөгө автордун 50дөн ашык чыгармасы коюлган. Алар пейзаж, портрет жана тарыхый жанрларда жазылган. Айрыкча портрет жанры сүрөтчүнүн чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт. Анда ал тарыхый инсандардын жана замандаштарынын жүзүн, мүнөзүн чагылдыруу аркылуу көрүүчүнү терең ойго салат.
Сүрөттөрдүн арасында Ноокаттан чыккан корбашы Мойдунбектин образы өзгөчө баса белгиленет. Ал мекени үчүн күрөшкөн баатыр, эр жүрөк инсан катары тартылган.
Оштук белгилүү жазуучу, публицист, сүрөтчү Махмуджан Казакбаевтин айтымында, устат Саидов кыргыз-өзбек элдеринин достугун жана маданий байланыштарын чыңдоого чыгармачылыгы аркылуу олуттуу салым кошуп келет.
“1994-жылы Саидов кыргыз жана өзбек элдеринин жалпы тарыхындагы кайгылуу бир окуяга кайрылган. Эл ичинде “Алай ханышасы” деп таанылган Курманжан датканын уулунун падышалык Россиянын Түркстандагы бийлиги тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуясына арналган эмгеги коомчулукта чоң таасир жараткан. Ал сүрөт азыр Курманжан датканын үй музейинде сакталып келет”, - деди ал.
Хасан Саидов 1948-жылы Ош шаарында туулган. Ал П.П. Беньков атындагы сүрөт училищесин, кийин Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театр жана сүрөт институтун (азыркы М. Уйгур атындагы Мамлекеттик искусство институту) аяктаган. 1974-жылдан тартып Андижан шаарында чыгармачылык ишин улантып келет. 1978-жылдан бери Өзбекстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ошондой эле ал Мальтадагы «Меридиан Арт» аттуу дүйнөлүк сүрөтчүлөр клубунун да мүчөсү.
Ал жаштарга билим-тарбия берүүдөгү эмгеги үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле анын 60 жылдык мааракесине карата бир катар маданий мекемелер тарабынан дагы Ардак грамоталар тапшырылган. Мындан тышкары, ал эл аралык “Бабур” сыйлыгынын лауреаты.
Көргөзмө 2025-жылдын 18-июнуна чейин уланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн